Бишкекте жубайын коркутууга шектелип 57 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 4-февралда Свердлов райондук милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, ал 1-февралда Төмөнкү Ала-Арча конушундагы үйүндө жубайын тапанча менен коркутуп, анын денесине залал келтирген. Аял киши милицияга ошол эле күнү арыз менен кайрылган.
Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси (Уруп-сабап кыйноо) менен кылмыш иши козголгон. Ал дароо кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Тапанча алынып, экспертизага жөнөтүлгөн. Учурда тергөө иштери уланууда.