
Жалал-Абаддын Манас шаарында Көк-Арт дарыясын бойлой жаңы жол курулууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.
Маалымдалгандай, аталган жол Бишкек–Ош жолу менен Манас–Благовещенка жолун бириктирет. Анын узундугу 9 чакырым, туурасы 8 метрди түзөт. Долбоордо тротуар, аялдамалар жана жарыктандыруу каралган. Азыркы тапта курулуштун алгачкы этабы жер жумуштары жүрүп жатат.