Бишкек–Ош унаа жолунун Өтмөк тилкеси, Ала-Бел ашуусу жана Чычкан капчыгайында кар көчкүлөрүн аткылап түшүрүү иштери башталды. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдагандай, бул иштер 4-февралдан 8-февралга чейин жүргүзүлөт.
Мындай аракет жарандардын өлүмүнө жол бербөө, материалдык чыгымдарды болтурбоо жана жол каттамын үзгүлтүккө учуратпоо максатында ишке ашырылууда.
Министрлик айдоочуларды, жүргүнчүлөрдү алыска сапарга чыгууда белгиленген жол белгилерине жана убактылуу коюлган тосмолорго көңүл буруп, жол эрежелерин так сактоого чакырат. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты сактоо зарыл.