Кыргыз Республикасынын ок атуу спорту боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Имандос Бектенов Азия чемпиондугунда күмүш медаль жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2-14-февраль күндөрү Индиянын Нью-Дели шаарында ок атуу спорту боюнча Азия чемпиондугу өтүп жатат. Мелдешке Азиянын 19 өлкөсүнөн жалпы 385 спортчу катышууда. Чемпиондуктун программасына үч жаш курактык категория кирет.
Кыргызстандын курама командасынан 16 спортчу 3 машыктыруучунун жетекчилиги алдында мелдешке катышууда.
Мелдештин биринчи күнүнүн жыйынтыгында 10 метр аралыкка Air Pistol (пневматикалык тапанча) менен атуу көнүгүүсүндө Кыргызстандын эки спортчусу финалга чыкты. Чоңдор арасында Аскат Токмоков 7-орунду ээлесе, юниорлор арасында Имандос Бектенов 2-орунду камсыздап, күмүш медалга ээ болду.