Кыргызстандык дзюдочулар Париждеги Grand Slam турниринде күч сынашат  

Кыргызстандын дзюдо боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү жылдын алгачкы дүйнөлүк турдагы мелдеши – Paris Grand Slam турниринде катышат. Мелдеш 7–8-февраль күндөрү Франциянын борбору Париж шаарында өтөт. Бул тууралуу Эл аралык дзюдо федерациясынын расмий сайтына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, Париждеги Grand Slam турниринде дүйнөнүн 81 өлкөсүнөн 522 спортчу катталган.

Кыргызстандын атынан мелдешке:

  • Эрбол Абасбеков (66 килограммга чейин),
  • Эрлан Шеров (90 килограммга чейин),
  • Ханболот Ырысбеков (66 килограммга чейин) катышат.

Белгилей кетсек, дзюдо боюнча Grand Slam сериясы жалпы он этаптан турат. Бул мелдештер Парижден тышкары Ташкент, Тбилиси, Душанбе, Астана, Лозанна, Улан-Батор, Будапешт, Абу-Даби жана Токио шаарларында өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан