Министр Жээнбек Кулубаев АКШнын атайын өкүлү Серджио Гор менен жолугушту  

Бүгүн, 4-февраль күнү Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев АКШнын президентинин Түштүк жана Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү Серджио Гор менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тараптар кыргыз-америкалык мамилелердин учурдагы абалын, C5+1 форматынын алкагындагы кызматташууну, соода-экономикалык жана инвестициялык байланыштарды кеңейтүү маселелерин талкуулашты.

Ошондой эле визалык маселелерге жана ишкердик, билим берүү, маданий алмашуулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө көңүл бурулду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан