Аргентиналык сот Себастьян Рамос Венесуэланын президенти Николас Мадурону адам укуктарын бузуу боюнча иште көрсөтмө берүүсү үчүн АКШдан экстрадициялоону расмий сурады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, сураныч 1997-жылдагы Аргентина менен АКШнын экстрадиция боюнча келишимине ылайык даярдалган.
Белгилесек, Мадуро 3-январда аялы менен кошо америкалык атайын кызматтар тарабынан кармалып, соттук териштирүү үчүн АКШга чыгарылган.