Биз социалдык тармакта

Бишкек-Ош жолунда кар көчкү атып түшүрүлдү

Бишкек – Ош унаа жолунун Өтмөк тилкесинде жана Ала-Бел ашуусунда кар көчкүлөрү атайын техниканын жардамы менен атып түшүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат борбору билдирди.
Маалым болгондой, иш-чаралар министр Бообек Ажикеевдин тапшырмасы менен адам өмүрүнүн коопсуздугун сактоо үчүн уюштурулуп, ӨКМдин Чүй облусу боюнча башкармалыгынан ыкчам топ жана Коргоо мигистрлигинин артиллериялык эсеби тартылды.
Натыйжада унаа жолдун 198-чакырымында 12 250 метр куб кар көчкүсү түшүп, №9 жол тейлөө мекемеси толук тазалады. Ал эми Бишкек – Ош унаа жолунун Жалал-Абад облусунун белгиленген тилкелеринде 5-февраль күнү улантылмакчы. Кошумча маалымат берилет.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан