
Ош шаарындагы Сулайман-Тоо муниципалдык аймактык башкармалыгына караштуу 12 көчө борбордук саркынды суу системине туташтырылды. Бул тууралуу 4-февралда мэриядан билдиришти.
Маалым болгондой, мэр Жеңишбек Токторбаев саркынды суу системине туташтыруу иштерине расмий түрдө старт берди.
Аталган көчөлөр акыркы 6 жыл ичинде борбордук саркынды суу системине туташпай келген. Буга чейин шаар мэри аталган аймактын тургундары менен өткөн элдик жыйындарда көчөлөрдү борбордук саркынды суу системине туташтырып берүү боюнча убада берген.