Никола Пельтцтин атасы Бекхэмдер менен болгон үй-бүлөлүк жаңжал тууралуу алгач ирет комментарий берди  

Миллиардер Нельсон Пельтц кызы Никола Пельтц менен анын кайын журту - Дэвид жана Виктория Бекхэмдердин ортосундагы пикир келишпестиктер боюнча алгач ирет ачык комментарий берди. Ал бул тууралуу АКШнын Флорида штатында өткөн Wall Street Journal Invest Live иш-чарасында журналисттер менен маек курган.

Журналист кызы тууралуу суроо бергенде, Нельсон Пельтц тамаша иретинде: "Акыркы убакта менин үй-бүлөм маалымат каражаттарында көп чыгып жатыптырбы? Мен байкабай калыпмын",- деп жооп берди.

Ал кызына медианын көңүл борборунда болууга байланыштуу кеңеш берип-бербегени тууралуу суроого: "Ооба, берем. Кээде алар мага да кеңеш беришет. Менин негизги кеңешим - прессага жакын болбоо. Бирок бул жардам бердиби?",- деди.

Ошол эле учурда миллиардер жаңжалдын чоо-жайына токтолуудан баш тартып, бул маселе бүгүнкү талкуунун темасы эмес экенин белгиледи. Ал: "Кызым Никола абдан сонун, күйөө балам Бруклин да мыкты жигит. Алардын никеси узак жана бактылуу болот деп үмүттөнөм",- деп кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан