
Бишкек шаарында жайгашкан “Фрунзе” заводунан өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМдин борбор калаадагы башкармалыгы кабарлайт.
Ага ылайык, өрт саат 05:15те толук өчүрүлдү.
Өрттү өчүрүүгө жалпы 8 бөлүм, өрт өчүрүүчү поезд жана штаб тартылган. Өрттүн аянты болжол менен 2000 чарчы метрди түзгөн.
Кырсыктан жабыркагандар катталган жок.