Бишкек шаарындагы Жайыл Баатыр көчөсү 50 А дарегинде курулуп жаткан "Сирень" турак жай комплексинин курулуш-монтаждоо иштерин аткаруу учурунда техникалык коопсуздук талаптарынын одоно бузулушу аныкталды.
Курулуш министрлигинин маалыматына ылайык, бетон кабыл алуу учурунда куруучу бетон насосун курулуштун башкы планынан четтеп, жөө адамдар жүрүүчү тротуарга орноткон. Мындан сырткары, иштеп жаткан техниканын айланасында коопсуздук аймагы убактылуу тосмолор менен камсыздалган эмес жана жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун көзөмөлдөгөн жооптуу кызматкерлер коюлган эмес. Ошондой эле бетон кабыл алуу маалында инженердик-техникалык кызматтын жооптуу өкүлдөрү жумуш ордунда болгон эмес.
Натыйжада, курулуш иштерин жүргүзүп жаткан "Роял Констракшн" ЖЧКсына жана иш учурундагы субъектке карата жазуу түрүндө эскертүү берилип, тиешелүү чаралар көрүлүүдө.