Биз социалдык тармакта

Манаста уурулукка шектелген эки жаран кармалды (видео)

Манас шаарында уурулукка шектелген эки жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан билдиришти.

Берилген маалыматка ылайык, 14-январга караган түнү, болжол менен саат 02:00 чамасында Манас шаарындагы тамактануучу жайлардын биринде белгисиз жарандар кассадан 14 миң сом, баасы 17 миң сомду түзгөн Redmi Note 9 үлгүсүндөгү 2 даана уюлдук телефон уурдап кеткен. Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) менен кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-издөө иш-аракеттеринин натыйжасында 34 жаштагы А.А. жана 36 жаштагы Ю.А. аттуу жарандар аныкталды. Манас шаардык сотунун чечими менен 2-февралда шектүүлөр 1 айга камакка алынды.

Учурда тергөө амалдары улантылууда.


Манаста уурулукка шектелген эки жаран кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан