Биз социалдык тармакта

Бишкектеги окуу жайлардын биринен ири суммадагы акча уурдоого шектүү кармалды

Бишкек шаарындагы окуу жайлардын биринен ири суммадагы акча уурдоого шектүү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 5-февралда Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 30-декабрда болжол менен саат 13:45 чамасында белгисиз адам Чыңгыз Айтматов проспектинде жайгашкан жогорку окуу жайлардын биринин аудиториясына кирип, А.А. аттуу жарандын сумкасын уурдап кеткен. Аталган сумканын ичинде 300 миң сом акча каражаты, 2 миң доллары жана iPhone 15 үлгүсүндөгү уюлдук телефон болгон.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесине (Уурдоо) ылайык кылмыш иши козголду.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1993-жылы туулган У.Э. аттуу жаран кармалган. Учурда тергөө иштери улантылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан