Жогорку Кеңештин депутаты Сүйүнбек Өмүрзаков чет өлкөдөн импорт болуп келген азыктардын сапатын текшерүү иш-чараларына кызыкты. Бул тууралуу пикирин эл өкүлү бүгүн, 5-февралдагы парламенттин жыйынында билдирди.
Депутат министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиевден "Чет өлкөдөн алып келген тамак-ашка кандай текшерүү жүргүзүп жатасыңар?" деген собол узатты.
Амангелдиев текшерүү техникалык регламенттин алкагында жүргүзүлө турганын, анын талаптарына жооп бербеген кезде товар өлкөгө киргизилбей турганын айтты.