Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарына караштуу Көк-Мойнок-2 айылында жол жээгинде куураган чөптөн чыккан өрт толук өчүрүлдү.
ӨКМдин облустук башкармалыгынын маалыматына ылайык, тилсиз жоонун кесепетинен болжол менен 2 гектар аянт жана алдын ала маалымат боюнча, жол жээгинде жайгашкан 4 боз үй, 2 темир калайдан жасалган соода күркөсү өрттөндү.
Өрттү өчүрүүгө саат 22:30да 1, саат 23:09да 1 күжүрмөн эсеп тартылган. Өрт саат 01:05де толук өчүрүлүп, жабыркагандар жок.