Бишкек шаарында жайгашкан турак жайга уурулук кылган шектүү кармалды. Бул тууралуу 5-февралда Ленин райондук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, 16-январда болжол менен саат 02:00 чамасында белгисиз жаран Садырбаев көчөсүндө жайгашкан М.А. аттуу жарандын үйүнө кирип, курулуш шаймандарын жана эки сыналгыны уурдаган. Шектүү уурулук жасагандан кийин такси кызматын колдонуп, уурдалган буюмдарды унаага жүктөп кеткен. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) менен кылмыш иши козголгон.
Тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1987-жылы туулган К.К. аттуу жаран аныкталган. Ленин райондук соту тарабынан шектүүгө карата электрондук байкоо (браслет) түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалган.