Биз социалдык тармакта

Кочкордо баасы 80 миллион сомду түзгөн жер тилкелери мамлекетке кайтарылды

Нарын облусунун Кочкор районунда жалпы баасы 80 миллион сомду түзгөн жер тилкелери мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу 5-февралда Башкы прокуратурадан билдиришти.
Берилген маалыматка ылайык, 1996-2006-жылдар аралыгында Кочкор районуна караштуу Ормон-Хан жана Чолпон айыл аймактарындагы жалпы аянты 37,78 гектарды түзгөн айыл чарба багытындагы жер тилкелери жеке жактардын менчигине мыйзамсыз түрдө берилип кеткендиги аныкталды.
Көрүлгөн чаралардын натыйжасында жалпы баасы 80 миллион 300 миң сомду түзгөн айыл чарба багытындагы жер тилкелери мамлекетке кайтарылды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан