Сауд Арабиясында төөлөргө паспорт берилет. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалым болгондой, өлкөнүн Айлана-чөйрө, суу ресурстары жана айыл чарба министрлиги өркөчтүүлөр үчүн атайын документтерди киргизүүдө. Бул чара төөлөрдүн базардагы баасын сактоо, ошондой эле төө чарбачылыгынын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу максатын көздөйт.