Бишкек шаарында Муниципалдык инспекциянын кызматкерлери кош бойлуу келинге жардам көрсөтүштү.
Мекеменин маалыматына ылайык, шаар тургуну муниципалдык инспекциянын инспекторлоруна кайрылып, жубайынын толгоосу келип, такси кызматы менен жол тыгынынан чыга албай жатканын билдирген. Инспекторлор ыкчам түрдө аталган жаранга көмөк көрсөтүшүп, кызматтык унаа менен №4 төрөт үйүнө жеткиришкен.
Кош бойлуу келиндин жолдошу көрсөтүлгөн ыкчам жардам үчүн аталган инспекциянын кызматкерлерине ыраазычылыгын билдирди.