Бүгүн, 17-декабрда ЖКнын Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин жыйынында Ататүрк атындагы сейил багы, Кара-Жыгач токою, Учкун жана Туңгуч кичи районундагы мыйзамсыз курулган турак жайлар маселеси каралды. Бишкек шаарынын вице-мэри Төрөбек Имашовдун айтымында, аталган жерлердеги курулуштар боюнча учурда мэрия демилге көтөрүп жатат.
"Ататүрк атындагы сейил багында өз билемдик менен 130 турак жай салынган. Азыр мэрия эч нерсе кыла албай жатат, анткени сейил бактын чек арасы такталган эмес. Чек арасы такталса, анда кайсы турак жай бузулушу керектиги белгилүү болот",- дейт Имашов. Аталган комитет бул маселе боюнча 3 ай аралыгында тийиштүү чара көрүү сунушу менен Башкы прокуратурага жана УКМКнын алдындагы Коррупцияга каршы күрөшүү кызматына кайрылуу жолдоо чечимине келди.