Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 5-февралдагы жыйынында депутат Медина Кайрылбекова аймактардагы мамлекеттик кызматкерлерди калкты тейлөөдө сылык болууга чакырды.
Эл өкүлү жыйында отурган өкмөт мүчөлөрүнө кайрылып, аймактагы министрликтердин бөлүмдөрүнүн кызматкерлери элди сылык тейлеши зарылдыгын белгиледи.
"Карапайым элди кагып-силкпей, түшүндүрүү иштерин жакшы жүргүзүшсө",- деди депутат.