Орусия, Украина жана АКШнын өкүлдөрү 314 туткунду алмашуу боюнча макулдашышты. Бул тууралуу 5-февралда АКШнын президенти Дональд Трамптын атайын элчиси Стивен Уиткофф билдиргендигин чет элдик басылмалар жазышты.
"Бүгүн АКШ, Украина жана Орусия делегациялары 314 туткунду алмашуу боюнча макулдашышты", - деп жазган ал X (мурдагы Twitter) социалдык тармагында.
Уиткоффтун айтымында, бул соңку беш айдагы биринчи мындай алмашуу болуп саналат. Ошондой эле ал сүйлөшүүлөр үчүн жай катары Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) сунушталышына ыраазычылык билдирген.