Starlink Тажикстанда иштей баштады

SpaceX компаниясына таандык Starlink спутниктик тармагы Тажикстандын аймагында жогорку ылдамдыктагы интернет кызматын расмий түрдө ишке киргизди. Бул тууралуу компаниянын негиздөөчүсү Илон Маск X социалдык тармагында билдирди.

Маалыматка ылайык, бир аз кечигүү (low latency) менен иштеген система өлкөнүн эң алыскы жана бийик тоолуу райондорун да туруктуу байланыш менен камсыздоого мүмкүндүк берет.

Илон Масктын айтымында, долбоор 2025-жылдын аягында Тажикстандын өкмөтү менен америкалык компаниянын ортосунда түзүлгөн лицензиялык келишимдин негизинде ишке ашырылган.

Кызматташуунун негизги максаты — республиканын жетүүгө кыйын аймактарын кеңири санариптештирүү болуп саналат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан