АКШнын президенти Дональд Трамп Украинадагы кагылышууну жөнгө салуу боюнча тараптар дээрлик макулдашууга жетишкенин билдирди. Бул тууралуу ал Абу-Даби шаарында өткөн үч тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин айткан. Анын кайрылуусунун түз эфирдеги көрсөтүүсү Ак үйдүн YouTube каналында жарыяланды.
"Биз бул согушту токтотуу үчүн тынымсыз иштеп жатабыз. Биз буга абдан жакын келдик, дээрлик жетиштик", — деди АКШ лидери.
Белгилесек, учурда Абу-Даби шаарында үч тараптуу жолугушуулар өтүүдө.