Бишкекте спорттук күрөш боюнча чемпиондук башталды

Бишкекте 5-февралда 17 жашка чейинки катышуучулар арасында Кыргызстандын спорттук күрөш боюнча чемпиондугу старт алды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мелдеш Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында өтүүдө.

Биринчи күндө кыз-келиндер арасында 10 медаль комплекти ойнотулат: салмактык категориялар — 40, 43, 46, 49, 53, 57, 61, 65, 69 жана 73 килограмм.

Чемпиондуктун жыйынтыгында эл аралык мелдештерге катышуу үчүн Кыргызстандын курама командасы түзүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан