Дональд Трамп: "АКШ жана Венесуэла дүйнөнүн мунай корунун 68 пайызынын ээси"

АКШнын президенти Дональд Трамп Вашингтондо өткөн иш-чара учурунда АКШ жана Венесуэла дүйнөдөгү мунай корунун 68 пайызына ээ экенин билдирди.

Трамп белгилегендей, АКШ Венесуэла менен “чын ыкластуу жана жакшы мамиледе”.

Эскерте кетсек, 3-январда Венесуэланын тышкы иштер министри Иван Хиль Пинто Вашингтондун Каракастагы жарандык жана аскердик объекттерге кол салганын – саясий жана аскердик агрессия деп баалаган. Венесуэлада өзгөчө абал жарыяланган.

АКШнын президенти Трамп кийинчерээк бул чабуулдарды тастыктап, Венесуэланын президенти Николас Мадуро жана анын жубайы кармалып, өлкөдөн чыгарылганын билдирген. 5-январда алар Нью-Йоркто федералдык сотто көрсөтмө берди. Аларга баңгисоодага байланыштуу айыптар коюлду, Мадуро жана анын жубайы күнөөсүн моюнуна алган жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан