Буга чейин социалдык тармактарга тараган "күзүндө салынган Сузак - Каду унаа жолу үбөлөнүп калды" делген маалыматка карата Транспорт министрлиги жооп берди.
Маалыматка ылайык, учурда бул тилкеде кемчиликтерди жоюу иштери жүргүзүлүп жатат. Аталган тилкеге өткөн жылдын сентябрь айында асфальт төшөлгөн.
"Объект подрядчы компаниянын кепилдик мөөнөтүндө турат. Ошондуктан бардык оңдоо жана калыбына келтирүү иштери подрядчынын эсебинен аткарылат",- деп билдирди министрлик.