
Бейшемби күнү Ирандын аскердик күчтөрү Перс булуңунда күйүүчү май аткезчилигине шектелген эки кемени кармашты. Бул тууралуу Ислам революциясын коргоочулар корпусунун Аскер-деңиз күчтөрү билдиргенин чет элдик басылмалар жазышууда.
Кемелерди текшерүү учурунда бир миллиондон ашык литр контрабандалык күйүүчү май табылганын ирандык аскер кызматкерлери маалымдашты.
Кармалган кемелердин бортунда чет өлкөлүк 15 экипаж мүчөсү болгон. Алар кылмыш ишин козгоо үчүн сот органдарынын өкүлдөрүнө өткөрүп берилди.