Биз социалдык тармакта

Эми жол эрежелерин үч жолу бузган жаран кайрадан экзамен тапшырат

Жол кыймылынын эрежелерин бир жылдын ичинде үч жана андан көп жолу одоно бузган айдоочулар, квалификациялык экзамендерди кайрадан тапшырууга жөнөтүлөт.

ЖКККББнын маалыматына ылайык, кайрадан экзамен тапшырууга жөнөтүүгө алып келүүчү укук бузуулар төмөнкүлөр:

  • Айдоочуунун автоунааны мамлекеттик номери жок башкаруусу;
  • Транспорт каражатын токтотуу жөнүндө талаптарды аткарбоо;
  • Кыймылдын белгиленген ылдамдыгынан 40 чакырым/сааттан жана 60 чакырым/сааттан көп ашуу;
  • Атайын жарык берүүчү жана үн чыгаруучу сигналдык түзүлүштөрдү иштетүү менен жүрүп бараткан транспорт каражаттарынын кыймылына артыкчылык бербөө;
  • Каршы кыймыл тилкесине чыгуу менен озуп өтүү же маневр жасоо эрежелерин бузуу;
  • Жол курулмасынын же башка мүлктүн бузулушуна алып келген жол кыймылынын эрежелерин бузуу;
  • Адамдын ден соолугуна зыян келтирүү менен жол кыймылынын эрежелерин бузуу;
  • Мас адамга же айдоого укугу жок адамга унаа айдатууга жол берүү.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан