
Ысык-Көл облусунда Facebook социалдык тармагындагы экстремисттик мазмундагы пост үчүн шектүү кармалды. Бул тууралуу 6-февралда облустун ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ысык-Көл ОИИБинин кызматкерлери интернет-булактарды мониторинг жүргүзүү учурунда Facebook социалдык тармагында өлкө аймагында тыюу салынган "Хизбут Тахрир" диний-экстремисттик уюмунун идеологиясын жайылтуу белгилерин аныкташкан. Аталган факт каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.
Текшерүүнүн алкагында 1970-жылы туулган А.М. аттуу Каракол шаарынын тургуну аныкталган. Шектүү өзүнүн жеке баракчасы аркылуу "Turkiston-kg" аталышындагы баракчага таандык "Алтын өндүрүлүүдө, бирок эл жакырчылыкта" деген мазмундагы жарыялоону тараткан.
Маалыматка толук жана ар тараптуу укуктук баа берүү максатында соттук-лингвистикалык жана дин таануу багытындагы комплекстүү экспертиза дайындалган. Экспертизанын корутундусуна ылайык, берилген материалдар өлкө аймагында тыюу салынган "Хизбут Тахрир" диний-экстремисттик уюмуна таандык экени аныкталган.
Аталган факт Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренеси (Экстремисттик материалдарды даярдоо жана таратуу) боюнча кылмыш иши козголгон. Каракол шаардык сотунун чечими менен шектүү бир айга камакка алынган. Учурда тергөө амалдары уланууда.