Манас шаарында массалык мушташка катышкан деп топ жигиттер кармалышты. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.
Маалым болгондой, окуя 6-февралга караган түнү саат 00:30 чамасында СМУ кичи районунда орун алды. Интернет желесине топ балдар бири-бирине таш ыргытып, мушташканы тууралуу видео тарады. Анда катышуучулардын бири жерге жыгылып, топ балдар тарабынан сабалып жатканын көрүүгө болот.
Топтолгон материалдардын негизинде, Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголду. Шаардык милиция массалык мушташка катышкан балдардын өздүктөрүн аныктап, тергөөгө жеткирилди. Алардын ичинен бир бала учурда ооруканада дарыланууда.
Тергөө иштери уланууда.