Бажы кызматынын айрым пенсионерлери бийик тоолуу жана алыскы райондордо жашабай туруп, кошумча акча алып турушканы аныкталды. Бул туурасында Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, анын кесепетинен мамлекетке 752 910 сом зыян келтирилген.
Учурда жогорудагы факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 304 (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 315 (кызматтык жасалмачылык), 350 (документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды колго жасоо, даярдоо, сатуу же алардын жасалмаларын пайдалануу), 166-беренелери (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.