Социалдык тармактарда президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаевдин жардамчысы милиция кызматкерин түртүп жиберген видео кызуу талкуу жаратты.
Интернет колдонуучулар бул аракетти орунсуз жана текеберчилик деп сынга алышууда.
Белгилей кетсек, 4-февралда "Ош базарына" президенттин иш башкаруучусу барып соодагерлер менен жаңы базарга көчүү маселесин талкуулаган.