Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабев Сузак - Каду жана Көк-Жар - Орто-Токой жолдорундагы кемчиликтер үчүн тиешелүү жетекчилерди тилдеди.
"Жолду сапаттуу салыңыздар" деп айткам. "Эгер колуңардан келбесе, жолду салбагыла" дегем. Кээ бир жетекчилер бизди уят кылып жатасыңар. Силер жолдун "Ж"сын да түшүнбөйсүңөр",- деди Сыргабаев бүгүн, 6-февралдагы министрликтин коллегиялык отурумунда.
Буга чейин социалдык тармактарда Сузак - Каду унаа жолунун сапаты начар салынганы тартылган видео тараган.