Биз социалдык тармакта

Чүйдө алдамчылык фактысы боюнча шектүү кармалды

Чүй облусунда алдамчылык фактысы боюнча шектүү кармалды. Бул тууралуу 6-февралда облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, А. аттуу жаран 2000-жылы туулган Х.Д. аттуу жарандын ишенимине кирип, 38 миң 500 сом өлчөмүндөгү акча каражатын 2025-жылдын декабрь айынан баштап бүгүнкү күнгө чейин мыйзамсыз ээлеп, бербей келген. Мындан тышкары, ал алимент төлөмдөрүн 8 миң 300 сомдон 4 миң 700 сомго чейин төмөндөтөрүн убадалап, олуттуу материалдык зыян келтирген.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон. Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1996-жылы туулган К.А. аттуу жаран аныкталды. Азыркы учурда тергөө иштери улантылып жатат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан