Кыргызстанда дагы бир жаңы банкка лицензия берилди. Бул тууралуу 6-февралда Улуттук банктын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Улуттук банк башкармасынын 2026-жылдын 4-февралындагы чечими менен "Асман Банкы" жабык акционердик коомуна улуттук жана чет өлкөлүк валютада банктык операцияларды жүргүзүү укугуна лицензия берилгендигин билдирет.
Алдын ала маалыматтарга ылайык, банк Кипрдик инвестициялардын катышуусу менен түзүлгөн. Юстиция министрлигинин билдирүүсүндө банктын жетекчиси болуп Биялиева Эркеайым дайындалган.