Өлкөдө өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 100дөн кем эмес мамлекеттен спортчулар жана меймандар катышары күтүлүүдө. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдо өткөн көчмө жыйында билдирди.
Төрөбаев жетектеген Айыл чарба министрлиги кабарлагандай, жыйындын жүрүшүндө дүйнөлүк масштабдагы бул маданий-спорттук иш-чарага даярдык көрүү маселелери талкууланып, уюштуруу иштеринин жүрүшү, инфраструктуралык объекттердин абалы жана эл аралык конокторду кабыл алуу шарттары каралган.
Иш сапардын алкагында Бакыт Төрөбаев Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдун учурдагы абалы менен таанышып чыгып, тиешелүү тапшырмаларды берген.
Эске салсак, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары быйыл 31-августунан 6-сентябрына чейин өтөт.