Биз социалдык тармакта

Исламабаддагы мечитте жарылуу болуп кеминде 31 адам каза тапты

Бүгүн, 6-февралда Пакистандын Тарлай-Калан аймагындагы шииттик мечитте жума намазы учурунда жарылуу болду. Алдын ала маалыматка караганда, жан кечти жардырууну мечитке киргенде ишке ашырган.

Чет элдик басылмалар маалымдагандай, кырсыктын кесепетинен кеминде 31 адам көз жумду, ондогон адам жарадар болду, көпчүлүгү оор абалда. Аталган районго күч түзүмдөрү тартылып, коопсуздук күчөтүлдү.

Азырынча бийлик же эч кандай топ бул чабуулга жоопкерчиликти алган жок. Тергөөнүн натыйжасында каза болгондордун саны көбөйүшү мүмкүн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан