Омандагы сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Иран АКШдан коркутуулардан жана саясий басымдан баш тартууну талап кылды, деп билдирген Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи IRNA агенттигине берген маегинде.
Анын айтымында: “Кез келген диалогтун шарты – коркутуулардан жана басымдан баш тартуу. Биз муну түз билдирдик жана сүйлөшүүлөрдүн улануусу үчүн бул милдеттүү түрдө сакталууга тийиш”, — деп баса белгиледи министр.
Эске салсак, Аракчи буга чейин АКШ менен Иран Омандын ортомчулугу менен ядердик программа боюнча байланыштарды улантууга макулдашканын маалымдаган. Акыркы чечим кийинчерээк жарыяланат.
Ошол эле учурда 6-февралда Reuters агенттиги билдиргендей, АКШ менен Ирандын ортосунда аскердик кагылышуу коркунучу жогору бойдон кала берүүдө, анткени Тегеран сүйлөшүүлөрдө олуттуу макулдашууларга барбайт деп бааланууда.