Оштогу Гапар Айтиев атындагы көркөм-сүрөт мектеби капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтөт 

Бүгүн, 6-февралда Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, шаардык кеңештин төрагасы жана тиешелүү кызматтардын жетекчилери Гапар Айтиев атындагы балдардын атайын орто көркөм-сүрөт мектебине барып, мекеменин учурдагы абалы менен таанышышты. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууда шаар мэри мектепти капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүүнүн зарылдыгын белгилеп, долбоордук-сметалык документтерди даярдоо тапшырмасын берди.

Оңдоо иштери мектептин шарттарын жакшыртып, окуучулар үчүн ыңгайлуу жана заманбап чөйрөнү камсыз кылууга багытталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан