Казыбек Молдажиев Италиянын спорт министри менен жолугушту

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Казыбек Молдажиев Италиянын спорт жана жаштар иштери боюнча министри Андреа Абоди менен жолугушту.
Агенттик 7-февралда берген маалыматка таянсак, жолугушууда спорт тармагындагы эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтык талкууланды.
Белгилей кетсек, Молдажиев 6-февралда Италияда өтүп жаткан Кышкы Олимп оюндарынын ачылыш аземине катышты. Бул мелдештерге Кыргызстандан 2 спортчу катышат.
Мелдештердин программасына ылайык, Тимур Шакиров тоо лыжасы боюнча гигант слалом мелдешине 14-февралда, ал эми слалом мелдешине 16-февралда катышат. Артур Сапарбеков болсо лыжа жарышы боюнча классикалык спринтке 10-февралда, ал эми эркин стилде (коньки тебүү ыкмасы менен) өтүүчү мелдешке 13-февралда чыгат.

Кышкы Олимпиада 22-февралга чейин уланат.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан