УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жол кырсыгына кабылган 44 жаштагы Азат Жусуев аттуу жарандын жер тамын бүтүрүп берди. Бул тууралуу "Регион" телеканалы билдирди.
Белгилүү болгондой, 3 баланын атасы Жусуев былтыр Москвада иштеп жүргөндө жол кырсыгына кабылып, эки бутунан ажырап калган. Ал мекенине кайтып келгенден кийин курулушу токтоп калган үйү боюнча коомчулукка жардам сурап, кайрылган. Бул үй-бүлөдө Азаттан тышкары эжесинин майыптыгы бар экени айтылды.
Жусуев Сокулук районундагы Исмайыл айылында жашайт.
УКМК башчысы ал жарандан кабар алып, жаңыланган үйдүн ачкычын жана документтерин тапшырды.