Кара-Балта шаарындагы лицейлердин биринин кызматкери алдамчылык фактысы боюнча кармалгандыгына байланыштуу Агартуу министрлиги расмий маалымат таратты.
Маалыматка ылайык, алдамчылыкка шектелип кармалган И.Р. аттуу жаран Кара-Балта шаарындагы кесиптик лицейлердин ишмердүүлүгүнө эч кандай тиешеси жок. Ошондой эле ал Агартуу тутумунда да иштеген эмес.
Белгилей кетсек, кечээ, 6-февралда Чүй облусунда айдоочулук күбөлүктөргө байланыштуу алдамчылыкка шектелген жаран кармалганы, ал Кара-Балтадагы лицейлердин биринде иштегени айтылган.