Акыйкатчы институту жубайына зомбулук көсөтүүгө шектелип кармалган 31 жаштагы жаран Талас шаардык мериясында иштээрин кабарлады.
Талас шаардык мэриясы маалыматты төгүндөп, ал мурда иштегенин, учурда мэриянын кызматкери эместигин билдирди.
"Ал 2025-жылдын 15-июлунан 22-декабрына чейин мэриянын алдындагы "Жашыл чарба" муниципалдык ишканасында эмгектенген", - деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, шектүү 2 күн мурун, тагыраагы, 6-февралда кармалган. Анын үстүнөн 5-февралда 27 жаштагы жубайы арыз жазып, жашырып келген окуяны ачыктаган. Өткөн жылдын 15-октябрында шектүү Таластын Бакай-Ата районундагы үйүндө жубайынын башынан ылдый күйүүчү май куюп, өрт койгон. Бактыга жараша келин аман калып, дарыланып чыккан.
Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту (Ден соолукка оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголгон.