Америкалык ырчы жана "3 Doors Down" тобунун вокалисти Брэд Арнольд кечээ, 7-февралда 47 жашында каза болгонун чет элдик басылмалар жазышты.
Ырчы рак менен узак күрөштөн кийин үй-бүлөсүнүн курчоосунда дүйнө менен кош айтышкан. 2025-жылдын май айында Арнольд ага бөйрөк рагы диагнозу коюлганын жарыялаган.
"3 Doors Down" тобу 1995-жылы түзүлгөн. Алардын 2000-жылы чыккан "The Better Life" аттуу дебюттук альбому 6 миллиондон ашык нускада сатылган.