Нурсултан Кеңешбеков Азия чемпиондугунун күмүш байге ээси болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.
Маалыматка ылайык, жеңил атлетика боюнча Азия биринчилиги 6-8-февраль күндөрү Кытайдын Тяньцзинь шаарында өткөн. Өлкө намысын коргогон спортчулар ийгиликтүү жыйынтыктарды көрсөтүшкөн.
Алсак, мелдештин биринчи күнүндө 800 метр аралыкта чуркоо боюнча Искендер Чокаев 1 мүнөт 56,83 секунд жыйынтык көрсөтүп, 10-орунду ээлесе, 400 метр аралыкта Руслан Литовский 49,57 секунд менен 14-орунга жайгашкан.
Турнирдин экинчи күнүндө 3000 метр аралыкта чуркоодо Нурсултан Кеңешбеков 7 мүнөт 55,06 секунд жыйынтык көрсөтүп, күмүш медалга ээ болсо, ошол эле аралыкта Жусуп Сулайман уулу 8 мүнөт 23,71 секунд менен 5-орунду камсыз кылган.