Биз социалдык тармакта

Көз талдырган дрон шоу: Кытай дүйнөлүк рекорд койду 

Кытайдын Хэфэй шаарында 22 580 дрон катышкан укмуштуудай жарык шоусу өттү. Бул өз кезегинде Гиннесстин рекорддор китебине киргизилгенин чет элдик басылмалар жазышты.

Луоган паркында өткөн иш-чара 17-февралда баштала турган Кытайдын Жаңы жыл майрамына карата репетиция болду. Бардык дрондор бир башкаруу борборунан координацияланып, асманда ар кандай оймо-чиймелерди жана сүрөттөрдү түзүшкөн. Көрүүчүлөр салттуу кытай оймо-чиймелерин, жомок каармандарын жана космостук кубулуштарды эске салган айланма кыймылдарды көрө алышкан.

Уюштуруучулар бул жөн гана репетиция болгонун белгилешкен. Алар жаңы жылдык шоу мындан да укмуштуудай болот деп убада беришкен.

Кытайда буга чейин да дүйнөнү таң калтырган дрон шоулор өткөн.

Кытай дүйнөлүк рекорд койду: Бир убакта 22 580 дрон асманга учту
Кытай дүйнөлүк рекорд койду: Бир убакта 22 580 дрон асманга учту
Кытай дүйнөлүк рекорд койду: Бир убакта 22 580 дрон асманга учту
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан