Швейцариялык тоо лыжачысы Франьо фон Алльмен Италиядагы Кышкы Олимпиада оюндарынын алгачкы алтын медалын жеңип алды. Ал лыжа менен тоодон ылдый түшүү боюнча чемпион аталды.
Алльмен белгиленген аралыкты 1 мүнөт 51,61 секундда басып өткөн. Спортчу ылдамдыкты саатына 145 чакырымга чейин жеткире алган.
24 жаштагы фон Алльмен эки жолку дүйнө чемпиону, ал 2025-жылкы оюндарда тоодон ылдый түшүү жана командалык медалдарды жеңип алган.
Кечээ, 7-февралда Олимп оюндарында жалпы 5 медаль топтому ойнотулду.