Өзгөн районундагы Төрт-Көл айылында аламан улак тартыш оюнунан кийин талаа таштандыга толгон. Мындай видеону окуяга күбө болгон жаран жарыялаган.
Видеонун автору аталган жерге ишембилик уюштуруп, тазалабаса талаа таштандыга толуп калганын айткан.
Белгилей кетсек, кечээ, 8-февралда Өзгөндө белгилүү улакчы Манас Ниязов уулдарына той берип, улак тартыш оюнун уюштурган. Оюн маалында 26 жаштагы жигит аты менен сууга түшүп кетип каза тапкан.